Бишкек шаары
Wikipedia дан
Бишкек - өлкөнүн экономикалык, саясий, илимий, өнөр жай, маданий борбору. Бишкек 1878 жылы негизделген. Аймагы: 127,3 квадрат чакырым. Калкы 1 млн. адам.
Бишкек Чүй өрөөнүнүн ортосунда деңиз деңгээлинен 700 - 850 метр жерде жайгашкан. Бишкекте жай ысык жана кургак. Июль айында абанын температурасы 42 градуска чейин ысыйт. Кышындагы орточо температура -7 градус. Жылына орточо Бишкекке 400 мм жаан-чачын жаайт. Абанын орточо нымдуулугу июлда 38%, январда - 68%.